Финансы полициясынын Ош облусунун Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Тороуз райондору боюнча бөлүмү бюджетке 45 миллион сом салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө “Ш” ЖЧКсы товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталды, ошол эле учурда салыктык отчеттор толугу менен берилбей, натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу жана аталган ЖЧКга жардам көрсөткөн кызмат адамдарынын тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ