Menu

Идрис Кадыркулов, УКМКнын мурдагы төрагасы: “Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү дестабилизациялык фактор”

Бөлүшүү:

Өткөн аптанын аягында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген шылтоо менен митинг өткөрүп, азыркы бийликти өзүнүн «шизофреник» стилинде болушунча шыбады. Ошондогу айткан бир кызык жагдайга токтоло кетели. Атамбаевдин айтымында, 6 жыл бою ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышып, УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын ошол кездеги башчылары Асылбек Кожобеков, андан кийин Идрис Кадыркулов болгон маалыматты Атамбаевге жеткирбей, жаап-жашырып жүрүшүптүр.
Ошонун айынан ал Бажыдагы коррупцияны, Раим Матраимовдун кылыктарын билбей, 6 жыл бою эч нерседен кабары жок отуруптур, бейкапар. Ошондой кызматтары үчүн кийин Кадыркулов УКМКга төрага, ал эми Кожобеков болсо ага орун басар болуп дайындалыптыр.

Логика болбой, кое кал! Атамбаев элди жаш балача эле алдайм деп ойлойт окшойт. Бекеринен Кыргызстанды колхозго, ал эми элди койлорго салыштырып жатат дейсиңерби! Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Асылбек Кожобековду Ошко кан досу Кубанычбек Кулматов, ал эми Идрис Кадыркуловду Абдиль Сегизбаев жөнөткөн. Губернатордун булар менен иши дагы, аларга буйрук бергендей укугу дагы жок, алар түздөн-түз борбордук органга баш ийишкен.

Бул боюнча Идрис Кадыркуловго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрду билдирди:

— Мени Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдиль Сегизбаев жөнөткен. Аймактарда Антикоррупциялык кызматтын бөлүмдөрү дагы 2011-жылдан баштап ачылган. Бул бөлүмдөр түздөн-түз АКСтин директоруна баш ийишкен. Ошондуктан Ош облусундагы УКМКнын башкармалыгы маалымат бербей жүрдү деген сөздөр жүйөөсуз. Өлкөнүн Президентине АКС ж.б. кызматтар жетишерлик маалыматтарды жеткирип турушат. Ушундай чындыкка дал келбеген маалыматтарды коомчулукка жарыялоо, болгондо дагы ШКУнун саммити сыяктуу ири эл аралык иш-чаранын алдында – дестабилизациялык фактор деп эсептейм.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: