“Мегаком” компаниясынын башкы директорунун жаңы кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков БШКнын арызы боюнча бүгүн билдирүү жасоону көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.
“БШКнын мага каршы жазган арызы боюнча сөзсүз түрдө расмий билдирүү жасайм”, – деди Жунусбеков.
Белгилей кетсек, БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Төрөхан Жунусбековдун “Талас эли Садыр Жапаров менен …. шайлоо 2021”, – деген билдирүүсү талкууланып жаткан Фейсбуктагы жарыялоону текшере баштаган. Мамлекеттик кызматкер катары Жунусбековдун үгүт иштерин жүргүзүүгө укугу жок.
БШК белгилегендей, 16-декабрда координациялык топ Башкы прокуратурага бул факт жөнүндө билдирип, Ички иштер министрлигине кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ