“Мен саясий лидер катары айтам, биздин келечегибиз сөзсүз түрдө парламенттик демократияда. Андан башка жолубуз жок. Президенттик бийлик бизди 2 жылдын ичинде чатакка, туңгуюкка, болуп көрбөгөндөй экономикалык кризиске алып келет”, – деп билдирди президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.
“Бизде парламенттик башкаруу болгон. Бизде бардык келген президенттер, алардын тегерегиндеги кошоматчы саясатчылар “Бизде парламенттик башкаруу болуп жатат”, “Биз парламенттик-президенттик башкаруудабыз” деген жомокторду айтып келди. Бизде 30 жылдан бери күчтүү, реалдуу, супер-президенттик башкарууда жашап келдик”, – деди Равшан Жээнбеков.
“Референдумда президенттик башкаруу формасы тандалса, эч нерсе өзгөрбөйт”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ