Аткара турган кызматын милдет кылгандар бар. «Мен жасап атам, мен кылып атам» деп төш кагышса тоолор жаңыраг. Мына, Салык кызматына жетекчи болуп жаңы келген Теңизбек Абжапаров «Мынча салык жыйнап жибердик» деген кыйкырык менен өзүн пиарлаганга өттү.
Жыйналса жыйналгандыр, эмне дейли, болсун дейли! Бирок, бул эмгек Абжапаровду иштегенинин натыйжасы деп түшүнгөнүбүз болбойт да. Ал кечээ эле келди го, анын ишинин жыйынтыгы убакыттын өтүшү менен билинет да. Же Абжапаров башка бирөөн үн эмгегин да менчиктеп алууну мыкты өздөштүргөнбү? Салык жыйноо деген эгин эгип анан анын түшүмүн терген мээнет эмес го, акыры. Кабинетте олтуруп алып, ар кайсы кагаздагы цифралар менен элди алдаганча салыкчылардын бармак басты, көз кысты саясатын өзгөртсө кана. Аттиң дейсиң да…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ