Menu

Россия мигранттар үчүн жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-июнга чейин узартты

Бөлүшүү:

Россиянын президентинин №274 “Жаңы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” Жарлыгы 2021-жылдын 15-июнуна чейин узартылды.

Россиядагы мигранттардын федерациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул жарлык 2020-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган, аны узартуу чечимине 15-декабрда кол коюлган.

Ушул жобого ылайык, чет элдик жарандарга 2021-жылдын 15-июнуна чейин: убактылуу жашап туруу жөнүндө документтерди, анын ичинде визаны; жашаган жери боюнча каттоону;  убактылуу же туруктуу жашоого уруксат кагазын узартуунунун кереги жок.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 15-мартынан 2021-жылдын 15-июнуна чейин чет өлкөлүктөр Россиядан депортацияланбайт, эки же андан ашык административдик мыйзам бузуу үчүн өлкөдөн чыгарылбайт. Мунун баары кийинкиге калтырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: