Менин жашоом туугандарыма эмес, мамлекетке жана элге арналган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, эгерде анын туугандарынан, тааныштарынан, досторунан жана классташтарынан кимдир бирөө мыйзам бузса, анда ал мыйзам чегинде жооп берет.
«Бардыгы мыйзам чегинде жооп беришет. Мен аларды эч кандай жаап-жашырбайм», – деди Камчыбек Ташиев.
Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип, журналисттердин бир канча суроолоруна жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ