Бүгүн, 22-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 44 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 16
Ош шаары – 3
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 3
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу – 1
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1123.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 22-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 29 миңден ашты. Илдеттен жалпы 15 851 жаран айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ