Кечээ, 28-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлө турган II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ондон ашык жогорку окуу жайлардан 500 волонтер жөнөп кетти. Алардын 100дөн ашыгы Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин студенттери. Бул тууралуу аталган университеттин тарбиялык иштер боюнча проректору Шайыр Закирова билдирди.
Анын айтымында, волонтерлер оюндун ачылышыда, даярдаган беш бий жана театрлаштырылган чыгармаларын көрөрмандарга тартуулашат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ