Menu

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору иштей баштады

Бөлүшүү:

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиевдин тескемеси менен Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди кабыл алууга 2020-жылда  облус борборунун коомдук жайларында кылмыштардын жана жоруктардын саны 154 учурга көбөйгөнү түрткү болду. Эми шаардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда 5 милициянын мобилдик тобу тартылат. Ал эми 10 каттамда, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 32 кызматкери жөө кайгул иштерин жүргүзөт. Милициянын мобилдик тобунун экипажы Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын эки кызматкеринен,  ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын бир инспекторунан жана Каракол ШИИБдин аймактык милициянын ыйгарым өкүлүнөн турмакчы. Милициянын мобилдик тобунун беш экипажы шаардын бөлүштүрүлгөн аймактарында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт. Мындан тышкары, тейлеген айцмакта, үй-бүлөлүк зомбулукту кылган адамдар
тарабынан коргоо ордеринин талаптарын кандай аткарып жаткандыгын да текшерип турмакчы.

Нөөмөт бөлүкчөлөрүнө кылмыштар, жоруктар жана башка укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөндөн кийин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин ыкчам нөөмөтчүсү токтоосуз маалыматты окуя болгон жерде кайгуул иштерин жүргүзүп жаткан милициянын мобилдик тобунун экипажына кабарлайт. Өз кезегинде, милициянын мобилдик тобу чакыруу болгон жерге 3-5 мүнөттүн ичинде келишип, кылмышкерлерди окуя болгон жерде ыкчам кармоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшөт. Мындан тышкары, эгер окуя болгон жерге келгенде кандайдыр бир кылмыштын изи калса, анда алар аймактык ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобун чакырышат жана аталган топ  келгенге чейин кылмыш болгон жерди кайтарууга алышат.

Мобилдик топтордун бөлүштүрүүсүндө көрсөтмө берген Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев, мыйзамдардын талаптарын так аткарууну, жарандарга сылык-сыпаа мамиле көрсөтүүнү талап кылуу менен, Каракол шаарынын коомдук жайларында коомдук тартипти сактоодо, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алууда жана ага бөгөт коюуда  тийиштүү иштерди турмушка ашырууну буйрук кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: