Menu

“Сапаттын” (Себат) ордуна “Маарифпи”? Кыргыз-түрк мамилеси да ушул жагдайга карап өнүгөрү байкалууда…

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Түркияда мындан эки жыл мурда (2016-жыл, 15-июль) ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш окуясы эскерилүүдө. Бир чети бул иш чара президент Р.Эрдогандын өз бийлигин бекемдеп, кайра шайлангандыгына, өлкөнү парламенттик башкаруудан президенттик кылып кайра түзгөн учуруна туш келүүдө. Жакында боордош өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат да дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына жергиликтүү ММК өкүлдөрдүн чакырып, маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сүйлөгөн сөзүндө “Өздөрун динчил, такыба, маданияттуу катары көрсөткөн гуленчилер эки жыл мурда Түркиянын парламентинин имаратына кол салып, аскердик учактар менен бомбалап, президентке кол салышты. Жалпысынан 270 адамдын өмүрү кыйылып, эки минге жакыны жаракат алышты. Булардын системасы  дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар. Алар керектүү учурда чыныгы жүзүн ушинтип көрсөтүштү. Тамыры терен жайылган гуленчилер эртеби, кечпи Кыргызстанга да коркунуч туудурбай койбойт…”,-деп айтты.

Элчи андан мурда берген маегиңде Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин  лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын, окуу акысы “Сапатка” караганда арзан болорун жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын айткан болчу. Тилекке каршы кыргыз коомчулугунда расмий Анкаранын бул сунушуна карата карама-каршы пикирлер айтылууда. Бир чети мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлери мамлекеттин карамагына өтүп, КР Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө алынган. Ошондуктан алардын тарапташтары Туркиянын “Маариф” билим берүү мектептерин ачуу аракетин эгемендүү Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалашууда. Эмнеси болсо да бул талаш маселе президент Р.Эрдоган сентябрда Кыргызстанга келген учурда бир жагына чечилет окшойт. Кыргыз-түрк мамилеси да ушул жагдайга карап өнүгөрү байкалууда…

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: