Венгрияга расмий иш-сапарынын алкагында Министр Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын Улуттук Жыйынынын Вице-спикери Иштван Якап менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Венгер тарабы КР Жогорку Кеңеши менен жемиштүү кызматташтык жүрүп жатканын, анын ичинде ТүркПАнын
Бишкектеги жыйынына Венгрия парламентинин катышуусун канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчтөндүрүүгө даярдыгын билдирди. Бул контексттен улам, венгер тарабы Венгриянын Улуттук Жыйынынын Спикери Ласло Кёвердин 2020-жылы Кыргызстанга иш-сапар менен келүү ниетин тастыктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ