Бүгүн, 20-мартта өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн маалымат жыйын өткөрдү.
Анда министр өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле журналисттердин берилген суроолоруна жооп берди.
Египетте жүргөн кыргыз жарандары Алматы шаары аркылуу Кыргызстанга учуп келишмек.
“Учурда Египеттен кыргыз жарандары келе албай жатышат. Эртең мененки маалымат боюнча Египеттен Алматыга кыргызстандыктар учуп келишпептир. Андыктан биз аларды кабыл ала элекпиз”,- деди Чолпонбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ