Menu

Фото – Курсан Асанов Бишкек шаарындагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чогулуш өткөрдү

Бөлүшүү:

ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнө жана Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамына Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаж жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Курсан Асанов Бишкектин аймагында тартипке келтирип, жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо керектигин айткан.

“Баардыгыңарды чагымчылдыкка алдырбоого, мыйзамдын чегинде өзүңөрдү алып жүрүүгө чакырам. Милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен укукка каршы аракеттерди болтурбоо керек. Анткени Бишкек шаарынын жашоочуларынын жана анын меймандарынын бейпилдиги менен коопсуздугу баардыгынан маанилүү. Ошондуктан милиция кызматкерлери менен ыктыярдуу элдик кошуундар укук бузууларды алдын алып, профилактика жүргүзүү керек, тартип бузууларга жол бербөө керек”,-деп өз сөзүндө билдирди.

Ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү менен коомдук коопсуздукту камсыздоо Бишкек шаардык ИИББдин планына ылайык түзүлгөн. Анын алдында ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрүнө, Бишкек шаардык ИИББдин өздүк курамына, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ИИББдин бөлүмдөрүнүн башчыларына инструктаж жыйын өттү. Азыркы учурда милициянын өздүк курамы республика аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: