«Менин бир агайым бар, сабак берет Славянскийде дагы, кийин менде да кеңешчи болуп көп жыл иштеп калды. Анан бир күнү айтып калды – Акылбек Үсөнбекович, ушул өкмөттө иштеп жүрүп пенсияга чыксам деп. Мен макул деп, өкмөттүн аппаратына рекомендация бердим. Өзү аябай жакшы аналитик да.
Ошентип киргизип койсом, бир күнү келиптир – мен кетем, жөн эле мугалим болоюн деп. Эмнеге десем – аппаратка көчөдө эле жүргөн аялдар келип иштеп жатыптыр дейт. Мен түшүнбөй койдум дейт – өкмөт мүчөлөрү ким, аппараттагылар ким, көчөдө жүргөн аялдар ким? Деңгээли баарыныкы эле бирдей дейт да.
Ажалдып-бажылдап эле баары, же уккан киши жок, сөгүнгөнү сөгүнүп атат, урушканы урушуп атат дейт. Мен мындай атмосферада иштебей эле коёюнчу деп азыр мугалим болуп, сабак берип кетип калды да…»
Булак: 5-канал
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ