Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбековдун Венгриядагы мекендештер менен жолугушуусу

Бөлүшүү:

1-майда, Венгрияга иш-сапарынын алкагында Министр Чыңгыз Айдарбеков Венгрия жана Австрияда жашаган мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоого багытталган иштери, мамлекеттик реформалар
тууралуу маалымат берип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн приоритетүү багыттарын белгиледи.

Өз кезегинде мекендештерибиз Министрге өздөрүн кызыктырган ар кандай суроолорду берип, аларга жооп алышты. Мекендештерибизди кызыктырган суроолор: КР жарандарын жумушка орноштуруу, эмгек
визасын алуу, пенсия жаатында эл аралык кызматташтык, Венгрияда билим алуу сыяктуу маселелер болду.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов жана Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу Консулу Эндре Эрдош мырза катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: