Menu

“Эркин Европа” радиосу: дүйнө жүзүндө бийлик ММКлардын ишине кийлигишүүнү улантууда

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр журналисттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишип, алардын коопсуздугун коркунучка кептөөдө. Бул тууралуу “Эркин Европа/ Азаттык” медиакорпорациясынын президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай билдирди.

“Азаттык” радиосу ондогон жылдардан бери тобокелчилик деңгээли жогору өлкөлөрдөгү окуяларды чагылдырып келет жана бул оңой эмес. Бийликтин орой мамилеси жана ниети бузуктардын жазасыз калып жатышы – журналисттер туш болуп жаткан көйгөйлөрдү жана тобокелчиликтерди тереңдетүүдө” деп айтылат Синделардын билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, Псковдо медиакорпорациянын штаттан тышкаркы кабарчысы Светлана Прокопьевага кылмыш иши козголгон. Журналист “Эхо Москвы в Пскове” радиостанциясындагы маеги үчүн терроризмди эл алдында актоого шектелүүдө. Прокопьева Архангельсктеги ФСБ имаратынын алдындагы терактын себептери тууралуу өз пикирин билдирген. Ал ФСБнын аймактык башкармалыгына кол салып, өзү дагы өлгөн 17 жаштагы өспүрүмдүн жоругуна репрессиялык саясий режим жана үмүтсүздүк сезимдер себеп болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Мындан тышкары Синделар жакында кабыл алынган “суверендүү интернет” жөнүндөгү мыйзам боюнча дагы кооптонууда. Укук коргоочулар бийликте интернетти көзөмөлдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүк пайда болду деп эсептешет.

Билдирүүдө Украинада иликтөөчү журналисттер аткаминерлер жана олигархтар тарабынан кысымга алынып жатканы айтылат. Украинанын чыгышында эки жылдан ашык убакыттан бери “Свобода” радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы жана блогер Станислав Асеев кармалып турат. Соңку маалыматтар боюнча ал орусиячыл жикчилдердин колунда.

Казакстанда полиция кызматкерлери каршылык акцияларын чагылдырган журналисттерге тоскоолдуктарды жаратууда. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кызматкерлери Ооганстан, Пакистан, Түркмөнстанда дагы олуттуу чектөөлөр шартында иштешүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү 1994-жылдан бери 3-майда белгиленип келет. Бул күн БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу – коммерциялык эмес медиакорпорация, АКШ Конгресси тарабынан каржыланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: