Menu

Тулада бычакталган кассирдин сөөгү Өзбекстанга жеткирилет

Бөлүшүү:

Өзбекстан Эмгек министрлиги Орусиядагы супермаркетте өлтүрүлгөн кассир Умида Эгамуратованын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам берерин билдирди.

Министрлик тараткан маалыматка караганда, Умида Эгамуратова Орусия жараны болгон. Ага карбай мекеме замандашынын сөөгүн Өзбекстанга жеткирүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр.

Өзбекстан ТИМи дагы маркумдун туугандарына көңүл айтып, бул трагедиялуу окуя элчиликтин консулдук бөлүмүнүн көзөмөлүндө экенин кабарлады.

28-апрелде Тула облусунун Узловая шаарында 34 жаштагы киши «Пятерочка» супермаркетинде кассир болуп иштеген Умида Эгамуратовага 21 жолу бычак сайып өлтүргөнү маалымдалган.

Орусия Ички иштер министрлиги 33 жаштагы Умида Эгамуратова жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын билдирген. Анын артында үч баласы жетим калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: