Кечээ Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет комитетине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мелис Мамбетжанов өзү келбестен орун басарын жиберип койгонуна нааразы болушту. Депутат Шадиев: “Менин билишимче төрагаңар бир эмес, бир нече жолу комитеттин жыйынына келген жок. Эмне анын өзгөчө статусу барбы? Өзгөчө статусу бар болсо айткыла, кийинкиде чакырбай эле коелу. Келбей эле койсун”, – деп зекиди. Буга чейин Фискалдык саясат жана экономика боюнча комитетинин төрагасы Макеев да Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку жетекчиси Алмаз Кадыркуловду бир нече жолу келбей койгондугу үчүн комитеттин жыйынына катыштырбай койгон. Ошентип катышпай жүрүп жана дагы бир канча былыктары былгып чыгып Кадыркулов кызматтан алынган. Сыягы Мамбетжанов да Кадыркуловдун кадамы менен кетип баратат окшойт…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ