Menu

Мавлян Аскарбеков, активист: “Чоң толкундоолорго бийлик өзү түрткү болуп жатат”

Бөлүшүү:

– Конституциялык палата Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө эреже бузуу жок экендиги жөнүндө чечим чыгарды. Эми Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна каршы болгондордун аракети не болот?

– 2012-жылы Токтайым Үмөталиева сотко кайрылып, “Конституция туура эмес, өзгөртүү керек”- деген доо койгон. Соттордун 3 инстанциясы тең карап, Жогорку Сот чечим кабыл алган, ал жерде “Конституция туура жана 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылган. Жогорку Соттун чечими акыркы жана кайра каралууга жатпайт. Ошондой эле Курултай кыймылы Конституцияны өзгөртүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан, БШК дагы өз чечими менен “Конституцияны 2010-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт” деп баш тарткан. Бул айтылган фактылар, Конституциялык палатанын чыгарган чечимдери менен карама-каршы келет. Конституциялык палата биринчи Жогорку соттун жана БШКнын чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугун карап, чечим чыгарса болмок. Бийликтин бул аракеттери толугу менен Конституцияны, мыйзамдарды одоно бузуп, легитимсиз экендигин тастыктайт. Муну бүгүн бүт кыргыз эли түшүнүп калды. Ага карабай бийлик өз билемдикке, күчкө салып өзгөрткөнү турат. Кечеги тарых, мындай аракеттерди арты кандай болоорун көрсөткөн. “Жаз бар, күз бар” дегендей аягы чоң толкундоолорго алып келет, бийлик өзү түрткү болуп жатат.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: