Menu

Фото – Эки жаранды ырайымсыздык менен сабоо кылмышына шектелген эки жаранга издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

28-августта таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичирайонунун Ахунбаева жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” супермаркетинин алдында эки чабалыраак жаранды эки энгезердей жигит ырайымсыздык менен уруп-тепкилеп, баш сөөгүн, колу-бутун сындырышкан. Анын баары эки видеокамерага жазылып калган.

Супермаркеттин кароолчуларынын чакыруусу менен келген Бишкек шаардык милициянын патрулу эки кылмышка шектүү жаран менен сүйлөшүп турганда Чүй облустук милицияда иштеген алардын агасы келип, өзүнүн машинасына салып, алып кетип калган. Бул фактыларды бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинин отурумунда КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да моюнга алды.

Жапа чеккендердин бири алигиче комада жатат, экинчиси оор абалда жандандыруучу палатага которулган.

Бул кылмыш фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ал кылмышка шектүүлөр, 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов менен 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбековго издөө жарыялады.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: