Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Волейбол боюнча улуттук курамага мыкты жеңиши, өлкөбүзгө сыймыктануу үчүн бир мүмкүндүк тартуулаганына ыраазычылык

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы аларды Катманду шаарында (Непал) өткөн  Борбордук зонадагы Бешинчи Азия чемпионатындагы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады.

«Силердин жеңишиңер кыргызстандыктарды кубандырып, мамлекет үчүн бул чыныгы белек болду. Баарыңарды маанилүү жана ишенимдүү жеңишиңер менен куттуктайм. Волейболчулардын укмуштуудай чеберчилиги жана мыкты оюну, машыктыруучунун жогорку кесипкөйлүгү биздин командага өлкөбүздө волейбол ыкчам өнүгүп жатканын далилдөөгө шарт түздү. Ар бириңерге кооз жана чыныгы спорттук күрөш, мыкты жеңиш, өлкө үчүн сыймыктанууга дагы бир мүмкүндүк бергениңер үчүн ыраазычылык айтам. Силер миллиондогон күйөрмандарга чыныгы майрам тартуу кылдыңар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, волейбол боюнча биздин улуттук курама азия чөлкөмүндөгү алдынкы командалардын ондугуна кирип, дүйнөлүк рейтингде 200дөн ашуун өлкөнүн арасында 64-орунда турат.

«Силер жеңишке жетишкен финалдык оюнду эң көрүнүктүү спорттук окуялардын бири катары туура аташты. Бул жеңиш дүйнөлүк аренада мыкты жыйынтыктардын башталышы болот деп ишенебиз. Албетте, биз улуттук кураманы Азия жана Олимпиада оюндарында көрүүнү каалайбыз жана жаңы жеңиштерди күтөбүз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновду, команданын капитаны  Каныбек уулу Оңолбекти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты менен, волейбол боюнча эл аралык категориядагы калыс Нургазы Кокчолоковду ыраазычылык каты менен сыйлады. Мындан тышкары улуттук курама командага 300 миң сомго сертификат берилип, веолейбол федерациясына 100 миң сом бөлүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: