Menu

“Дыйкан” базарынын жабылышына Бишкек мэриясы кызыкдар

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында жайгашкан “Дыйкан” базарынын жабылуусу туралуу чечим чыккан. Негизги себеби жашылча-жемиш базары санитардык-коопсуздук нормаларына жооп бербейт. Базарда иштеген сатуучу дыйкандардын 90 пайызы насыя алып жандарын багышкандыктан мэриянын бул чечимине каршы. “Дыйкандын” базаркому Сейитказимов Анарбек бул тууралуу оюн төмөнкүчө билдирди:

– Дыйкан базары жабылсын деген жарандардын колу коюлган кайрылуу катта алардын телефону, даректери жок. Бул демилге боюнча Бишкек мэриясы тарабынан кысым болуп жатат. “Базар жабылды” деген маалыматтарды бир тараптуу кылып Азаттыкка жана башка жактарга берип жатышат. Бул деген юридикалык жактан мыйзамсыз. Көчөдөн кол койдуруп алышып маалымат таркаткан. Бизде кол койгондордун баарынын даректери бар. Бул биздин сатуучулар. Мындай ишке ким кызыкдар болуп жатканы бизге дагы кызык болууда. Элдин баарын ызы-чуу кылып, экиге бөлүп жатышат. Эртең-бүрсүгүнү эл көтөрүлүп аянтка чыгып кетсе эмне болот? Бул жагын мэрия ойлодубу? Бизде сатуучулардын көчөйүн деген ою жок. Жол, фитосанитария жагын айтып жатышат. Бул жерде жабылсын деген нерсе да жок. Болгону эскертүү гана берилген. Аларда жалган 170 кишинин колу болсо, менде 700 адамдын колу турат. Элдин баарын кыйнап жатышат. Биз салыкты өз убагында төлөп жатабыз. Элдин маанайы түз, иштешип жатышат. Биздеги базардын жолдору жакшы, мэрияныкы жаман. Мен аларга канча жолу кат жаздым. Экотехинспекция келип мага жасай турган нерселерди айтып кетишкен. Мен аларды жасадым. Сатуучулардын 90 пайызы насыя алып иштегендер. Бүгүнкүдөй ызы-чуу болуп жатса, алар насыяларын кантип төлөшөт. Бул кишилер үй-бүлөсүн багабы, же агитаторлор менен кырылышып жүрө беришеби. Мамлекетке айына 900 миң салык төлөйбүз. Андан тышкары, районго өзүнчө салык беребиз. Бул жерде соодагерлердин көйгөйү көтөрүлүүдө. Алар ангарларды, муздаткычтарды өз акчасына курушкан. Ар биринин насыясы бар. Мындай олку-солку менен кардарларын жоготушат. Бишкек мериясы эмне себептен мамлекеттик эмес, жеке базарды колдоп жатканы баарыбызга түшүнүксүз.

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: