Интернетте тараган видео кайрылууда 90 жашка таяп калган Райла Идинова «Үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мүңкүрөтпөгүлө, соттор акыйкаттуу болгула!» деди.
«Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алганы жатышабы? Менден үйдү алып коюшса көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Уктай албай, кайгырып, зээним кейип жатат» дейт Райла апа. Бишкек шаардык соту журналист жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени өткөн аптада карай баштаган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Нарын Айыптын Бишкек шаарында жашап жаткан батирин сатыкка чыгарьш, анын эсебинен айып пул өндүрүүнү соттон өтүнгөн.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ