Өзбекстандын Жизак облусунда жергиликтүү «Согдиана» футбол клубунун каржы-техникалык базасын чындоо үчүн мугалимдерден 272 миллион сум (33 миң доллар) чогултулган.
Жизак облусунун башчысы «Согдиана» клубунун абалын жакшыртуу үчүн жалпы элдик ашар өтөрүү боюнча буйрукка кол койгон. Анын алкагында 2-4-ноябрь аралыгында аймактагы мекеме-ишкананалдын кызматкерлери бир күндүк маянасын клубдун банктык эсебине которушкан.
Өзбекстан билим берүү министрлиги облус башчысынын буйругу өкмөттүн токтомуна каршы келерин билдирүүдө. Буга чейин өлкөдө мажбурлап иштетүүгө жана акча чогултууларга тыюу салынган.
Учурда футболдук клубдун эсебине мыйзамсыз которулган каражатты кайрадан ээлерине кайтаруу чаралары көрүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ