Бишкекте Кайгуул милициянын машинасы катышкан 7 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 7 жол кырсыгынын экөөсүндө Кайгуул кызматынын кызматкерлери күнөөлүү болгон. “2019-жылдын 31- октябрынан 2020-жылдын 27-январына чейин Бишкекте Кайгуул милициянын машинасы катышкан 7 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктары “102” кызматына түшкөн чакырыктарга бара жаткан учурда болгон. Анын ичинен патрулдук милициянын кызматкерлери күнөөлүү болгон учур эки жолу катталган”, – дейт Н. Сатыбалдиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ