Акыркы жылдары коомчулукта «Акылдуу эсептегич» боюнча нааразычылыктар аябай көбөйдү. Айбек Калиев башында турган «Энерго холдингдин» жетекчилери бул жагдайды жөн гана техникалык түшүнбөстүк катары карашып, элдин үнүнө кулак төшөгүлөрү келген жок. Тиешелүү укук коргоо органдары, жогорку бийлик жетекчилиги бул коррупция жыттанган схеманын түп-тамырын аңдап, талдоо жүргүзүп чара көрөлү дегенге жарашпады. Натыйжада, «Улуттук энергетикалык холдингдин» жетекчилиги «Акылдуу эсептегичтерди» Туркия, Кытайдан кылып ар кайсы өлкөдөн ар кандай баада, ар кандай көлөмдө алып келип, өз билгендерин жасап жыргашууда. Мындай башаламандыкка бөгөт коюлушу зарыл го акыры…
Булак: “Фабула””
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ