Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады.
Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү.
«Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», — деди Токаев.
Казакстанда быйыл февралдан бери көп балалуу энелер социалдык абалдарын жакшыртуу жана турак-жай маселелерин чечип берүү талаптары менен нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ