Menu

Түркмөн лидери жумуштан алынган ИИМ башчысын жыйындан кууп чыкты

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөт жыйынында ички иштер министри Искандер Муликовду жумуштан бошотту.

Башкы прокурор Батыр Атдаев Муликовдун кызмат абалын кыянат пайдаланганы тууралуу баяндама жасаган соң, Бердымухамедов ИИМ башчысын иштен алганын жарыялап, аны жыйындар залынан кууп чыкты.

Экс-министрдин наамы майорго чейин түшүрүлүп, бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Ички иштер министри кызматына Мамметхан Чакыев дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер министр болгон.

Күн мурун “Эркин Европанын” түркмөн кызматы мурдагы ички иштер министринин айдоочусу камалганын маалымдаган.

Маалыматка караганда, министрдин айдоочусунун кармалышы ашхабаддык ири бизнесмен Чары Кулов менен мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Амандурды Ишановдун камалышы менен байланыштуу. Кулов ИИМ башчысынын кафе-ресторандарын, дүкөндөрүн башкарган. Чиновниктин айдоочусу болсо тыштан көзөмөлдөп турган.

Учурда министрдин бир нече кафе, рестораны конфискацияланганы айтылууда.

“Эркин Европанын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен министрликтеги тазалоо – Искандер Муликов менен өлкөдөгү башка бир таасирдүү фигура – улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевдин тирешүүсүнүн жыйынтыгы экенин билдирүүдө.

44 жаштагы Искандер Муликовдун президенттин жакын туугандарынын арасында коргоочусу бар экени айтылып жүргөн. Муликов бул кызматты 2009-жылдан бери аркалап келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: