Орусиянын президенти Владимир Путин менен Палестинанын улуттук администрациясынын (ПУА) жетекчиси Махмуд Аббастын Вифлеем шаарындагы жолугушуусундагы кадрды Араб ММКлары социалдык тармактарга таратышууда. Аны Мохаммед Атик видеого тартып, ал “Facebook” баракчасына жайгаштырды.
Видеодо Путин коридордо басып келатып, анын жолунда жаткан офицердин фуражкасын көрүп калып, аны эңкейип жерден алып, башына кийгизип, бармагын көрсөтөт. Анын мындай кыймыл-аракетине жанында жандап бараткан Махмуд Аббас менен делегациялар жылмайышат. Путин өзү да жылмаят.
https://www.facebook.com/mohammad.atiq.3/videos/10220940231797563/
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ