Menu

Сарыбашев маанилүү аймакта иш жасабай, мака жеп жүрөбү?

Бөлүшүү:

Бакандай облус колунда турат. Болгону элдин эртеңки келечеги үчүн иштеш керек эле. Бирок, көчүгүн көтөрүп көчөгө чыгып элге жолугууга барса эле креслосун бирөө ээлеп алчудай болуп Ош областынын губернатору Таалайбек Сарыбашев кабинетинен чыкпас болду. Кызматка келгени «ушуну кылыптыр» – дегидей бир иши жок. Анан да аталган аймакта шаар мэри менен атаандашып, өзүнүн өтө чабал жетекчи болуп жатканын моюнуна алгысы келбейт. Чындыгында мындай кадрдын биздин коомго кереги барбы? Эгер ушундай кадрлар менен иш алып барабыз десек анда эртең мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп албайбызбы? Ош абдан маанилүү аймак. Андыктан ал жерде чечкиндүү жана элге алымдуу адам иштеш керек эле. Бирок, креслосунан жылбай, качан кызматтан айрылып калам деген санаасынан арыла албаган Сарыбашев өңдүүлөр эмнеге мындай маанилүү жерде мажирөөлүк кылып олтурат?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: