Menu

Фоторепортаж – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар курамда жолукту.

Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстанга келүүгө чакырганы үчүн Эмомали Рахмонго ыракмат айтып, жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Тажикстанга келген алгачкы мүнөттөрдөн тартып, биз жылуу кабыл алууну сездик. Менин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыма байланыштуу куттуктооңуз жана жылуу каалоолоруңуз үчүн дагы бир жолу Сизге ыраазычылык билдиргим келет. Быйыл биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл болду. Менин дал ушул мааракелик  датага удаалаш Сиздерге расмий визит менен келишимдин символикалуу мааниси бар”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан Тажикстан менен мындан ары да кызматташууга, достук мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи жана бүгүнкү жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон  Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып,  анын Тажикстанга биринчи расмий визитине Тажикстан өзгөчө маани бере турганын баса белгиледи. «Кыргызстан биздин жакын кошунабыз, биздин өлкөлөр эки тараптуу жана регионалдык мүнөздөгү көптөгөн маанилүү маселелер боюнча кызматташат. Биз биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүз ортосундагы кызматташтыкты жаңы, азыркыдан да бийик деңгээлге көтөрө алабыз деп ишенебиз», – деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык  көптөгөн маселелери талкууланды. Андан ары сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: