Menu

КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин жана анын мүчөлөрүнүн Кыргызстандын элине, азыркы жетекчилигине кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер!

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери жана анын мүчөлөрү, өлкөдөгү абалга тынчсыздануу менен Кыргызстандын элин акыл-эстүүлүккө, сабырдуулукка, толеранттуулукка чакырабыз. Биздин өлкөдө Кыргыз Республикасынын Конституциясы— эң негизги мыйзам, биз ошол баш мыйзамга таянып, мыйзамдарды туу тутуп, цивилизациялуу жолдон чыкпай иш кылалы, ошондой эле улуттук салттарга жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга жооп берген, азыркы учурга ылайыктуу демократия болуш керек.

Биз сиздердин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздөрдө укуктук талаадан чыкпай, кыргыз коомчулугунда элдин биримдигин жана тынчтыкты сактоого, улуттар аралык достукту бекемдөөгө чакырабыз.

Кыргызстандын эли жана жогорку жетекчилиги мамлекеттүүлүк маселесин чечүүнүн, өлкөнүн коомдук өнүгүүсүнүн туура жолун таап, тынчтыкты сактап, социалдык-саясий бакубатчылыкты камсыз кылып, андан нары өлкөнүн өнүгүүсүнө жетишип, элдин жашоо- турмушун жакшыртат деп ишенебиз.

Кыргызстандагы азыркы түзүлгөн абал өлкөбүздүн жетекчилерин жана саясий элитаны, ошондой эле элди, өзгөчө жаштарды сергек, сабырдуу, эстүү болууга милдеттендирет жана санжыргалуу ата-бабаларыбыздын атына татыктуу болууга үндөйт. Өлкөдө стабилдүүлүктү, коомдук-саясий, укуктук тартипти сактоо азыркы учурда эң башкы милдет болуп саналат.

Биз өлкөбүздүн жарандарына кайрылабыз, сарсанаа болуп, кайгыга алдырбагыла, жакшылыктан үмүт үзбөй мыйзамдуулукту сактап, өлкөбүзгө тынчтык орнотууга жардам берели.

Азыркы кырдаалда “кыргыз революцияларынын” сабактарын эске алуу менен саясий жана укуктук системаны натыйжалуу пайдаланып, мамлекеттин жана кыргыз коомчулугунун ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарыл.

Кыргыз интеллигенциясын бул процесстин жүрүшүнө жигердүү салым кошууга чакырабыз.

Биз бардык мекендештерди, бардык партияларды жана жаштар кыймылдарын коомубуздун реалдуу турмушун бурмалап, чайкоочулук кылгандарга, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстанды жаман көрсөтүүгө аракет кылган чагымчылдарга каршы турууга, бурмаланган, жалган маалымат таратып, Кыргызстандагы абалды дестабилдештирүүгө умтулгандарга жол бербөөгө чакырабыз. Эгер, ага жол берсек, анда биз дүйнөлүк прогресстин көчүнүн эң артында кала турганыбызды унутпайлы.

Көп улуттуу Кыргызстандын эмгекчил эли, таланттуу, патриот, келечектүү жаштары, кеменгер, саясий эрки бар жетекчилиги өлкөдө бейпил турмушту, тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылып, социалдык адилеттүүлүктүн өнүгүүсүнө жол ачат деп ишенебиз.

Биздин күчүбүз—биримдикте жана ынтымакта!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: