Menu

Фото – Баткен облусунда 1,4 миллион сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарлар кармалды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 1 410000 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-март күнү билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш- чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаштык айлынында “Ж. уулу Н.”, аттуу жарандын башкаруусундагы “DAF ХF95” үлгүсүндөгү
транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20250 кг., болгон компот аралаштырмасы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 810000 сомду түзөт.

Ошондой эле, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен районуна караштуу Рабат айлынын аймагынан “А. уулу А.” аттуу жарандын башкаруусундагы “Daewoo nexia” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7500 пачка “CAVALLO” маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 600 000 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: