Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков М.В. Фрунзе атындагы Кызыл Туулуу өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар аскер бөлүгүн 100 жылдыгы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков М.В. Фрунзе атындагы Кызыл Туулуу өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Жолдош жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди М.В. Фрунзе атындагы Кызыл Туулуу өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын 100 жылдыгы менен куттуктайм.

Бул аскер бөлүгү Граждандык  жана Улуу Ата Мекендик согуш жылдары  жеңишке жетишүүгө өзүнүн тарыхый салымын кошкон. Жоокерлердин жана офицерлердин эрдиктери жана эмгеги  мамлекет тарабынан татыктуу бааланган.

Граждандык согуш жылдары полк Кызыл Туу ордени менен сыйланып, ага көрүнүктүү полководец М.В. Фрунзенин ысымы ыйгарылган. Улуу Ата Мекендик согуштагы  каармандыгы үчүн аскер бөлүгү гвардиялык  деген наамга татыган.

М.В. Фрунзе атындагы Кызыл Туулуу өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасы учурда дагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн курамында өзүнүн даңазалуу жолун татыктуу улантып келе жатат. Көптөгөн аскер кызматчылары көрсөткөн эрдиги  үчүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.

Жолдош аскер кызматчылары!

Аскер бөлүгүнүн күжүрмөн тарыхы –  Ата Мекенге кызмат кылуунун,  ар кайсы муундагы жоокерлердин тыгыз байланышынын жана даңазалуу салттардын ыраттуу  уланып келе жаткандыгынын таасын мисалы.

Сиздер мындан ары да  жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, аскердик тартипти бекем сактайсыздар  деп ишенем.

Сиздерди  бүгүнкү тарыхый майрамыңыздар  менен куттуктайм. Чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, элибизге ынтымак, жерибизге тынчтык каалайм.»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: