Menu

Үй камагындагы Текебаев менен Чотоновдун кезектеги сот отуруму болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кезектеги сот отуруму Бишкектин Биринчи май райондук сотунда улантылат. Сотто алардын иши тууралуу жаңы ачылган жагдайлар каралат.

Эскерте кетсек, 29-августта, алардын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. 12-сентябрда отурум болуп, ишти кароо тартиби бекитилген. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: