Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Жума, 27-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын аянтчасында кыргыз тарабынын демилгеси менен, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы менен биргеликте жана Европа Биримдигинин, ЕККУнун колдоосу астында “Борбордук Азия эл аралык тилектештикке чакырат” урааны астында Борбордук Азияда мурдагы уран казуу ишине байланышкан коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку деңгээлдеги иш-чарада Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы, КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө катышуучуларды чакырды.

Биргелешкен иш-чаранын ишинде БУУга мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты. Алардын ичинде, Тажикстандын Тышкы иштер министри С.Мухриддин, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто, Казакстандын, Өзбекстандын БУУдагы Туруктуу өкүлдөрү, Норвегиянын жана Австриянын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын орунбасарлары, Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын, Азия өнүгүү банкынын, Ислам өнүгүү банкынын жетекчилери жана регионалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилери кытышып, сөз сүйлөштү.

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү П.Буриан биргелешкен иш-чаранын модератору болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле КР экс-президенти Р.Отунбаева жана КР ӨКМ Статс-катчысы А.Мамбетов сөз сүйлөштү.

Маалымат үчүн: Борбордук Азияда уран калдыктарынын экологиялык көйгөйү мурда БУУнун алкагында талкууланган. Атап айтканда, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Борбордук Азиядагы коркунучтуу кырдаал тууралуу эл аралык коомчулукту мындан ары дагы маалымдап туруу үчүн “Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу” аттуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынган.

Акыркы жылдары бул көйгөйдү чечүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн –- КМШ, ЕРӨБ, ЕБ, МАГАТЭ жана ПРООНдун колдоосунда бир катар аракеттер көрүлгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл. Алсак, жардам көрсөтүү максатында Европа реконструкция жана өнүгүү банкында (ЕРӨБдө) финансылык ресурстарды натыйжалуу топтоонун атайын финансылык механизми түзүлгөн.

Ушуну менен катар эле, МАГАТЭин колдоосу астында Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан Стратегиялык мастер-план иштелип чыккан, анда уран обьекттерин өз убагында, координацияланган, экономикалык жактан эффективдүү жана туруктуу жол менен рекультивациялоо маселелери каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: