АКШ президенти Дональд Трамп 25-майда Брюсселде өтө турган Түндүк Атлантика келишими уюумуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусуна барат.
Акүйдөн Трамп АКШнын Түндүк Атлантика альянсын колдой тургандыгын ырастап, террорчулукка каршы күрөшүүдөгү уюмдун жоопкерчилигин өз ара бөлүштүрүү сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн НАТО башчысы менен жолугушууну каалай тургандыгын билдиришти.
Маалыматка караганда, ага чейин президент НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди 12-апрелде Акүйдө кабыл алат. Анда тараптар улуттук жана эл аралык коопсуздук жаатындагы чакырыктарга каршы туруу үчүн уюмду бекемдөө жолдорун талкуулашат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ