Menu

Тажикстанда блогерлер салык төлөөчү катары каттоого турууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөн жана YouTube порталынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирди.

Мекеме башчысы Шамсулло Кабирзоданын айтымында, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек.

«Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып, акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Жаңылбасам, бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту», — деди Кабирзода.

Өз кезегинде тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: