“Биз көрүп тургандай, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, КСДП коалициянын тагдыры боюнча маселенин бардыгын өз билгениндей чечип жатат. Кийинки коалициянын курамында ким болорун дагы алар эбак чечип койгон. Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы менен болгон позициянын келишпестигине шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептеген добуш берүүгө укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт. Биздин фракциянын иш-аракетинде эң алды Кыргызстан элине кызмат кылуу турат. Оппозицияда калсак дагы бул багытыбыздан тайбайбыз.”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ