Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын көмөгү менен башталган “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү мамлекеттик демократия” аталышындагы семинар өттү. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.
Үч күнгө созула турган аталган иш-чарада өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдөгү парламенттин ролу талкууланып, демократиялык багыттагы ишмердүүлүктүн натыйжалары тууралуу сөз болмокчу. Андан тышкары, Жогорку Кеӊеш менен жарандардын жана жарандык коомдордун ортосундагы өз ара байланышты арттыруу маселелери да каралат.
Ал эми иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, парламенттик аппараттын кызматкерлери жана жарандык коомдук өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле семинарда Бириккен улуттар уюмунун аталган багыттагы адистери тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар докладдар окулары белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ