Исмаил Исаков менен Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевдин сотуна көрсөтмө берүүгө келбей коюшту. Алар Биринчи май райондук сотунда айыпталуучунун жактоочуларынын күбөлөрү катары суралмак. Бул эки саясатчыдан тышкары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев да суралмак. Бирок ал качып жүргөнүнө байланыштуу издөө жарыяланган. Ал эми берки эки саясатчынын келбегенинин себеби белгисиз. Эми соттук отурум 11-июлда улантылат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ