Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен университеттерге абитуриенттерди кабыл алуунун алгачкы айлампасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, республикалык тестирлөөгө катышкан мектеп бүтүрүүчүлөрү дүйшөмбүдөн тарта талондорун каалаган окуу жайга тапшырса болот. Абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи айлампасы 14-22-июлда, ал үчүнчү айлампасы 24-29-июлда өтмөкчү. Быйыл орто мектепти 62 миң окуучу аяктап, алардын 48 448и жалпы республикалык тестирлөөгө катышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ