Мындай пикирин 6-ноябрда КР Илимдер аадемиясынын геомеханика жана кен пайдалануу институнун “геоприбор” илимий-инженерлик борборунун директору Исакбек Торгоев билдирди.
И.Торгоевдин изилдөөлөрү боюнча 25 жылдын аралыгында уузат сактоочу жайга 100 млн куб метр цианид топтолгон, алар мөңгүлөрдүн жанында жайгашып турат.
Буларды ал бүгүнкү “Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана уузат сактоочу жайлардын абалы” деген тегерек үстөлдө айтты. Анын айтымында, 1990-жылдан 2017-жылга чейинки уу саркындылардын айынан тоолорубузда табигый кырсыктардын саны да көбөйүп кеткен.
“Экоис Бишкек” коомдук бирикмесинин өкүлү Индира Жакыпованын айтууусунда, бул терегек үстөлдүн максаты – коомчулуктун көңүлүн геоэкологиялык көйгөөлөргө буруу, анткени алар келечекте чоң коркунучтарды туудурушу мүмкүн.
Тегерек үстөлгө коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ