Menu

КСДПнын казыначысы Надира Сатыгул кызы Алмаз Атамбаевдин Гоадагы хан сарайында жашынып жүрөбү?

Бөлүшүү:

7-январда КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева  өзүнүн Facebook баракчасында жаңы жылды Индияда тосконун, ал жерде КСДПнын жана Атамбаевдин көп жылдардан берки казыначысы Надира Сатыгул кызы менен жолукканын билдирип, фотолорун жарыялаган эле.

9-январда Кундуз Жолдубаева азыр Атамбаевдин көзмөлүнө өткөн ММКлардын бирине маек берип, Надира Сатыгул кызын бүгүнкү Сооронбай Жээнбековдун бийлигинен качып жүргөн бозгун катары сүрөттөдү.

Бүгүн, 11-январда КР ИИМ билдирүү жасап, 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы  “кара касса” тууралу Атамбаев ыргыткан маалыматты текшерүү аяктаганын, бир гана ал “кара кассаны” кармаган Надира Сатыгул кызы Индияда эс алып келбей жаткандыктан анын келишин күтүп жатышканын  маалымдады.

Ал эми Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалына берген маегинде Надира Сатыгул кызын өзү качырып жибергенин айткан. Бирок каякка качырганын тактап айткан эмес эле.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсү боюнча Надира Сатыгул кызы Индияда эс алып жүрүптүр. Ошол эле Жолдубаеванын айтуусу менен бүгүн, 11-январда Алмаз Атамбаев да Индияга Гоага эс алууга учмак , бирок акыркы  учурда айнып, сапарын кийинкиге жылдырды.

Нариман Түлеев экс-президент Алмаз Атамбаев менен Москвага бир самолетто учкандан кийин  ММКларга берген  маегинде алар учакта 3-4 саат маектешип, сөз кызыганда Атамбаев Индияда, Гоада хан сарайы бар экенин байкабай айтып алганын, эгер Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов сыяктуу соратниктери камалбаганда ошол жакка барып эле жыргап жашай бермегин моюнга алганын айткан эле.

Ушундан улам азыр Алмаз Атамбаев өзүнүн эзелки казыначысы Надира Сатыгул кызын өзүнүн Гоадагы хан сарайына качырып, ошол жерде жашырып жатканы тууралу уу-дуу сөз кетти.  Кундуз Жолдубаева да жаңы жылда Надира Сатыгул кызына  так ошол Атамбаевдин Гоадагы хан сарайында жолугуп келгени айтылууда.

Мындан улам, кыргыздын мыкты иликтөөчүлөрү, фактчекерлери Эдил Байсалов, Болот Темиров, Элнура Алкановаларга кайрылгыбыз келет, Алмаз Атамбаевдин Гоадагы хан сарайын издеп-иликтеп, коомчулукка анын бар же жок экенин жарыялап койбойсуздарбы?

Антпесе биздин УКМК, ИИМ, Финпол, Интерполдун кыргыз бөлүмү аны издей турган түрү жок.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: