Жол кыймыл эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөгөн видео камераларын мөөнөтүнөн эрте орнотуу пландалууда. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда орнотулган камералар тесттик режимде иштеп жатат, ал эми жабдууларды орнотуу процесси уланууда. Жол кесилиштериндеги камералар ар бир эреже бузууну тартууга багытталууда.
«Инфоком» ишканасынын програмисттери иштеп чыккан электрондук протокол менен интеграция жүргүзүлүүдө. Тесттик режим бүтөрү менен системаны ишке киргизе алабыз. Акыркы мөөнөт 12-февралга белгиленген, бирок биз андан эрте бүтүүгө жетишебиз деп ишенем. Андан соң «бакыт каттарын» жөнөтүү башталат,»- деп белгиледи Бакыт Шаршебиев.
Азырынча каттар кантип жөнөтүлө турганы белгисиз. Тартылган эреже бузуу мониторинг борборуна жөнөтүлүп, ал жерден текшерилет, андан соң протокол түзүлөт. Каттарды жеткирүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жүктөлгөн, бирок почта кызматы аныктала элек, ага карата жакында тендер жарыяланат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ