Menu

Тажикстанда мамлекеттик ММКлар президенттин наамын толук айтууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Мындан ары Тажикстандагы мамлекеттик ММКлардын журналисттери өлкө президенти Эмомали Рахмон тууралуу сөз кылганда өлкө башчынын наамын «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут көсөмү» деп толук айтышы керек болот.

Өкмөттүк басылмалардын биринин журналисти мурда өлкө президентинин ысымына байланышкан материалдарда «Улут көсөмү» же «Джаноби Оли» деп жазылып келгендигин, бирок өткөн жумада бул боюнча жаңы эреже күчүнө киргенин билдирди. «Мындай ченем милдеттүү болуп калды. Мурда мамлекет башчынын наамынын «Улут көсөмү» деген кыскартылган деле версиясын пайдаланууга мүмкүн болчу», – деди ал.

Айтымында, «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут көсөмү тууралуу» мыйзам кабыл алынганга чейин Эмомали Рахмондун ысымы айтылганда «урматтуу Джаноби Оли» деген сөздөр кошулуп келген.

Тажикстандын мамлекеттик радиосунун директору Фаррух Зиёев расмий билдирүүлөрдө Эмомали Рахмондун «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут көсөмү» наамын толук көрсөтүү мыйзамдын талабы экенин жана журналисттер аны аткарышы керектигин билдирди. «Бирок журналисттер айрым учурларда «мамлекет башчысы» же жөн гана «Улут көсөмү» деген синоним сөздөрдү пайдаланса болот. Расмий билдирүүлөрдө болсо анын наамы толугу менен айтылышы керек. Журналисттен мыйзам нормасын аткаруу гана талап кылынууда», – деди ал.

«Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут көсөмү тууралуу» мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөнүн Кылмыш кодексине ал наамдын ээсин кемсинтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: