Menu

Боекчу десе, атасынын сакалын боептур

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргылбек Турускулов аким, губернаторлорду жоюп салуу керектигин айтып чыкты. Ал бул туурасында: “Биз жөнөкөй тил менен айтканда төрт сом тапсак, беш сом жеп алып жатабыз. Чыгымыбыз көп. Учурда кескин түрдө өзгөртүүлөрдү жасашыбыз керек. Октябрь, ноябрь айларында бизге өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбобру сунушталат. Ошондо көптөгөн өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

Жеке пикиримде аким облус жетекчиси деген кызматтарды жоюп салуу керек”, -деп билдирди. Кызык, депутат эмне айтып жатканын өзү түшүнбөйт окшойт.

Болбосо, аким губернаторлук деңгээлде чечиле турган маселелер бар экенин билбейби? Өзгөчө чек ара маселесинде дайым чыр чыгып турган облус, райондордо коңшу өлкөнүн облус, район жетекчилери айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүү жүргүзөбү? Логика болуш керек да…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: