Menu

Алмазбек Атамбаев резиденцияны неге паспорту жок кытай жумушчуларына тебелеткен?

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук кызматынын, Мамлекеттик кайтаруу кызматынын, Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын уставдарында “Президенттик резиденция мамлекеттик маанидеги өзгөчө көзөмөлгө алына турган, кайтарууга алына турган обьект” деп жазылып турат. Демек, ал жер көздүн карегиндей сактала турган жер болуп саналат.

Бирок, мына ошол президенттик резиденцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин эле “хансарай” салдырып алганы белгилүү. Муну ал 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында өзү да тастыктаган. “Бул үйдү мен досторумдун жардамы менен курдум, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да кеткен жок”, – деген эле ал. Өзү мамлекет башында турса, анан ага кайсы бир “достору” үй куруп берип атса, демек, ал пара болуп саналарын кыязы Атамбаев анда билбесе керек. Албетте, мындай “досторунан алган жардамдары” толтура. Алар тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Бул ирет биз резиденцияга үй курдурганына гана токтололу.

Ошол Атамбаевдин резиденциядагы “хансарайын” Кытайдын сайда саны жок (учету, паспорту жок дегенибиз) куруучулары күндөп-түндөп иштеп жүрүшүп бүтүрүшкөнү да белгилүү. Эми суроо туулат: Атамбаев неге өзгөчө кайтарууга алына турган кыргыздын жерине башка өлкөнүн документи жок (документи болсо деле киргизилбеши керек эле) куруучуларын кең-кесири киргизип, аларга үй курдурган? Мына ушундай ыйык жерибизди, өзгөчө кайтаруудагы төрүбүздү сайда саны жок чет өлкөлүк жумушчуларга тебелетип аткандан кийин Атамбаев үчүн мамлекеттин кадыр-баркы, аброю, коопсуздугу биринчи орунда эмес эле, өзүнүн комфорту, коопсуздугуөйдө турат турбайбы? Ал мамлекеттин имиджин да уруп ойнобой турганын көрсөтүп алган жокпу?

Мисалы, эртеңки күнү ошол самсыган кытайлар: “Силердин президентиңердин резиденциядагы “хансарайын” биз курганбыз” деп төш кагып отурушса эмне кылабыз? Же болбосо, резиденциянын ичинде “бул жеринде тигиниси, башка жеринде мунусу бар” деп чоттоп алышкан болсо, ага ким жоопкерчилик тартат?

Өөдүк-сөөдүк сүйлөгөнүнө маашырланып калуучу Атамбаев көрсө, өзүнүн жеке керт башынын камкордугу үчүн мамлекетибиздин төрүн да документи жок кытайларга тебелете бергенге даяр турбайбы…

Булак: Учур

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: