Menu

Порошенко: Донбасстагы жикчилдердин танктары Германия армиясыныкынан да көп

Бөлүшүү:

Порошенко ЕККУнун полиция миссиясын Донбасска киргизүү шайлоону уюштуруудагы милдетүү шарт болуп эсептелерин билдирди.

Берлиндеги саммит учурунда Украина президенти Петр Порошенко Орусия Донбасска ири көлөмдөгү бронетехникаларды жана артиллерияларды жеткирип жатканын жарыялады. Анын айтымында, ал жактагы жоочулар Германиянын куралдуу күчтөрүнүкүнө караганда көбүрөөк курал-жаракка ээ.

Порошенко эл аралык сүйлөшүүлөр маалында Орусия президенти Владимир Путинге кыйкырбай турганын жана Берлиндеги жолугушууда да катуу сүйлөбөгөнүн, бирок Донбасста ок атууларды токтотууну сураганын айтты.

“Ок атууларды токтотуу суранычы менен Путинге чындап эле кайрылдым “, – деди Порошенко. Ал Берлиндеги “Норманд төрттүгү” өтө маанилүү болгонун баса белгиледи.

Прошенко Укранина менен Евробиримдиктин ортосундагы визасыз режим 24-ноябрдан тарта иштеп баштай турганын кошмчалады. Бул маалда Украина-ЕБ саммити өтөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: